Бишкек – Торугарт унаа жолу ачылды

Бишкек – Торугарт унаа жолу ачылды. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кооптуу тилкелердеги кар көчкү атып түшүрүлдү.

 

Бирок Нарын гидрометеорология борбору жолдун 301-306-чакырымында майда кар көчкү түшүү коркунучу дагы эле бар экенин эскертет. Андан улам унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

 

Белгилеп кетсек, Нарын аймагында аба ырайы турукташып, өзгөчө кырдаал режими алынды.