Кыргызстанга импорттолгон товарлар чек арадан өткөндөн тарта сатылганга чейин көзөмөлдөнөт

Кыргызстанга импорттолгон товарлар чек арадан өткөндөн тарта сатылганга чейин көзөмөлдөнөт.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мындай ыкма республиканын аймагына мыйзамсыз товарлардын ташып келинишине каршы күрөшүүнү гана эмес, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун да камсыздайт.

Ага ылайык, тигил, же бул товар мамлекеттик чек арадан качан, кайсы убакытта жана канча көлөмдө өткөнүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө үчүн бардык тийиштүү мамлекеттик органдардын программалык камсыздоосу бир системага интеграцияланат.

Эгер жооптуу кызматкерлер маалыматтык системаларга жалган билдирүү киргизсе, ээлеген кызматынан бошотулат.