Россия коронавирустан улам сегиз өлкөгө каттамдарга киргизилген чектөөлөрдү алып салды

Россия коронавирустан улам сегиз өлкөгө каттамдарга киргизилген чектөөлөрдү алып салды.

Федералдык аба транспорту агенттигинен маалым болгондой, Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Иранга пландан тышкары жана пландуу каттамдарга киргизилген чектөөлөр жокко чыкты.

Мындай чечим 9-марттан тарта күчүнө кирди.