Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын 1 миллион 128 миң доза запасы бар

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын 1 миллион 128 миң доза запасы бар. Алар: Sinopharm, Sputnik-V жана AstraZeneca препараттары, — деди республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова. Учурда өлкө боюнча 400 миңге жакын адам эмделди. Алардын 100 миңден көбү эки дозасын тең алгандар. Кыргызстанда вакцинаны 18 жаштан жогорку жарандар акысыз алат. Препарат эки ирет 21 күн аралык менен са     йылат.