Эртеңки футбол боюнча үч улуттун Кубогуна Кыргызстандын 2 спортчусу катышпайт.
Дарбазачы Кутман Кадырбеков жана Бекжан Сагынбаев өлкөгө кайтып келе элек, — деди
кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Эске салсак, Дөлөн Өмүрзаков
атындагы стадиондо 2-сентябрдан 7сине чейин эл аралык жолдоштук беттеш өтөт.
Анда Кыргызстан, Палесина жана Бангладештин футболчулары ойнойт.
Улуттук курума эртең Палестина менен беттешет.