Парламентти шайлоого катыша турган добуш берүүчүлөрдүн тизмеси 19-сентябрга чейин илинет.
БШКдан билдиришкендей, жарандар өздөрүнүн жеке маалыматын текшерип, туура
эмес болсо өзгөртүүлөрдү киргизиши зарыл. Мындай иштерди жүргүзүү 13-ноябрга чейин созулат.
Шайлоочулардын аты-жөнүнүн акыркы тизмеси тилкелерде 21-ноябрга чейин илинет.
Эске салсак, Жогорку Кеңешти шайлоо 28-ноябрга белгиленди.