Кыргызстанда акчанын көлөмү боюнча рекорд коюлду

1-сентябрда Кыргызстандын акча базасынын көлөмү боюнча рекорд коюлду. Бул туурасында Улуттук банктын маалыматтарына таянып билүүгө болот.

Акча базасынын көлөмү 158 миллиард 782 миллион сом (былтыр рекорд августтун башында болуп, 155,4 миллиард сомго жеткен) болду.

Кеңири аныктамадагы акча базасы 167 миллиард 981,7 миллион (былтыр рекорд августта катталып, дээрлик 164,6 миллиардды чапчыган) деп катталды.

Пайдалануудагы акча 142 миллиард 145,4 миллион сомго жетти (былтыр рекорд августта катталып, 139,1 миллиард сомду көрсөткөн).

 

Акчанын көлөмү соңку жылдары өсүп жатат, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи ирет 100 миллиард сомдон ашып, ошондон бери уланууда.
Аныктама

Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын каражаты, анда насыя берүүчү уюмдардын кассаларындагы калдыктар да эсепке алынат.

Акча базасы — жүгүртүүдөгү акча жана финансы (депозиттик) уюмдарынын резерви.

Кеңири аныктамадагы акча базасы — жүгүртүүдөгү акча, ага кошумча Улуттук банкта турган бардык резервдер (чет элдик валюталар жана сом) жана финансы уюмдарынын депозити.