Кыргызстанда 1-августтан тарта 58 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-августтан тарта 58 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт.

Финансы министри Алмаз Бакетаев ишендиргендей, ал үчүн бюджеттен 7-8 миллиард сом бөлүнөт.

Мындан тышкары, октябрь айынан баштап пенсиянын көлөмү 50 пайызга жогорулайт.

Министр ошондой эле быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында чыгашалардын көлөмү 54 миллиард сомго көбөйүү менен дээрлик 150 миллиард сомду түзгөнүн кошумчалады.