Жыл ичинде Кыргызстандын алтын запасы 13 миллиард 450 миллион сомго жогорулады.
Улуттук банк жарыялаган маалыматка караганда, июль айынын соңунда ал 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган.
Белгилеп кетсек, буга чейин Улуттук банктын төрагасы алтын валютанын резерви тарыхый рекордге жетип,
3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу. Бул көбүнчө ички рыноктогу алтындарды сатып алуудагы
аракеттерден улам болгон. Алтын валюта запасы Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу
көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат.