Нарында 7 милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган милиция кызматкерлеринин жетөө Нарын облусунда иштеп жаткан. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын 27 кызматкери коронавируска кабылган. Соңку жети учур 3-майда Нарын облусунан катталган.

“Алар дагы медицина кызматкерлери сыяктуу жумуш учурунда жуктуруп алууда. Ар бир учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, тобокелчиликтердин себеби, жумуштагы шарттары аныкталат. Ошого карап дагы башкалар жуктуруп албашы үчүн биз болушунча эртерээк коргонуу эрежелерин бергенге аракет кылабыз”, — деди Үсөнбаев.