Ноокат районунда чукул кырдаал режими киргизилгендиктен, 35 блок-посттор орнотулду

Ноокат районунда чукул кырдаал режими киргизилгендиктен, 35 блок-посттор орнотулду. Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, чектөөлөр Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына киргизилди.

 

Региондо жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эске салсак, COVID-19 вирусу Ноокат районунун 3 тургунунда аныкталды. Алар Кувейтке кичи ажылыкка барып келишкен. Жалпысынан, учурда Кыргызстанда коронавирустун 6 учуру катталды.