Мугалимдердин оклады азаят деген маалымат чындыкка дал келбейт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, педагогдордун айлыгы азыркы деңгээлде сакталат.
1-сентябрдан тартамугалимдердин айлык акысын эсептөө жарлыкка ылайык жүргүзүлөт. Эске салсак, 1-апрелден тарта мугалимдердин маянасы 80 пайызга жогорулатылды.
Ал эми административдик персоналдыкы 50 пайызга көбөйгөн.