Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылды

Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылды.

 

Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Массалык башаламандыкты болтурбоо жана ага бөгөт коюу максатында Биринчи май райондук акимиаты митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен аталган райондун сотуна кайрылган.

 

Ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилет.