Ордо калаанын “Кут” конушундагы аз камсыз жарандарга жардам көрсөтүлдү.
Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, жаңы конуштагы 155 муктаж үй-бүлөгө
азык-түлүк топтомдору таратылды. Ушундай эле жардам фельдшердик-акушердик түйүндүн 13 кызматкерине
тапшырылды. Кайрымдуулук акциясы Эл аралык жаштар ассамблеясынын колдоосунда ишке ашты.