Кытайда дүйнөдөгү эң узун асма айнек көпүрө ачылды

Кытайда дүйнөдөгү эң узун асма айнек көпүрө ачылды.

 

Анын узундугу  526 метрди түзөт. Өтмөк дарыя деңгээлинен 201 метр бийиктикте орун алган. Ал эми айнектин калыңдыгы 4,5 сантиметр. Бир убакытта ал аркылуу 500дөн ашык адам өтпөшү керек.

 

Көпүрө эки кызыл мунараны бириктирип, аларга темир жана жоон трос менен бекитилген. Өтмөктү Кытай бийлиги Гиннес рекорддор китебине киргизди.