Бишкектеги эл аралык мелдеште Махмудов, Кадыров коло байге алды

Бишкекте Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргызстандык балбандар Дастан Кадыров жана Бексултан Махмудов коло байгеге ээ болушту. Грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта күч сынашкан Кадыров коло байге үчүн таймашта дагы бир кыргызстандык Баяман Каримовду утту.

 

3-орун үчүн беттешке чейин Кадыров алгач чейрек финалда казакстандык Ернур Фидахметовду утуп, жарым финалда өзбекстандык Шермухаммад Шарибжановго жеңилген эле. Күрөштүн ушул эле түрүнөн 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов 3-орун үчүн беттеште казакстандык Жантас Нургалини жеңди.

1-июнда башталган мелдеш 4-июнга чейин уланат. Алдыда эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн да таймаштар бар.

 

“Бишкек Арена” спорт комплексинде өтүп жаткан турнирге 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Бул быйыл пландалган рейтингдик турнирлердин үчүнчүсү. Буга чейин Хорватияда, Египетте өткөн. Төртүнчүсү Венгрияда болот. Бишкектеги мелдешке олимпиаданын жети чемпиону, дүйнөнүн 17 чемпиону, 30дан ашык ар кандай эл аралык абройлуу спорттук мелдештерди уткан байге ээлери, Европа чемпиондору, континент аралык турнирлердин жеңүүчүлөрү катышып жатат.

Каба уулу Кожомкул 1888-жылы Суусамырдын Жоо-Жүрөк деген жеринде туулуп, 1955-жылы каза болгон. 16 жаштан баштап күрөш боюнча мелдештерге катышып, даңазалуу балбандарды утканы эл арасында айтылып келет. Ал күрөштөн сырткары эр эңиш жана эр сайышка да түшкөн.

 

Ал эми белгилүү балбан Раатбек Санатбаев грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыган спортчу 2006-жылы Бишкекте киши колдуу болгон.