Балдар искусство мектептери кадимки режимде иштеп баштады

Балдар искусство мектептери кадимки режимде иштеп баштады. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, тиешелүү буйрукту Маданият министрлиги чыгарды.

 

Ага ылайык, мектептер санитардык эрежелерди сактоо менен практикалык жеке сабактарды өткөрө алат. Белгилеп кетсек, ордо калаада 9 искусство мектеби жана 1 көркөм мектеп бар.