Лионель Месси дагы “Интер” клубуна өтүшү мүмкүн. Мессиге «Манчестер Сити», «ПСЖ» жана «Интер» клубдары тарабынан кызыгуулар бар. Бирок «Манчестер Сити» клубунун ээси Хосеп Гвардиола башка 3 футболчуну сатып алууну көздөйт.
Ал эми 33 жаштагы чабуулчу өзү италиялык клубга өтүүнү каалайт. Белгилеп кетсек, Италия чемпионатында Мессинин негизги атаандашы Криштиану Роналду «Ювентус» клубунун катарында ойноп келет.