Лионель Мессинин баасы 5 миллион еврого төмөндөдү

Лионель Мессинин баасы 5 миллион еврого төмөндөдү. Бул Transfermarkt порталы футболчуларга баа бергенден кийин белгилүү болду.

 

Футболчунун баасы учурда 30 миллион евро. Баасынын төмөндөшүнө карабастан, “Интер Майамиде” ойногон Месси Америка лигасынын эң кымбат оюнчусу бойдон калууда.

 

Эң кымбат MLS футболчуларынын тизмесинде экинчи орунду “Атланта Юнайтеддин” жарым коргоочусу Тьяго Альмада ээлейт. Анын баасы 27 миллион еврону түзөт.