Өлкөдө 2 миңден ашык жаран мүлкүн легалдаштырды

Өлкөдө 2 миңден ашык жаран мүлкүн легалдаштырды.

 

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында айтылат. Ага ылайык, 100 миллиондон ашкан активдер үчүн бир жолку декларациялоочу төлөм 1 миллион сомду түзөт.

 

Бүгүнкү күндө 2 миң 139 адам мыйзамдан пайдаланып атайын декларация толтурду. Белгилеп кетсек, 2023-жылы президент Садыр Жапаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.