Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү “Кыргызстан обондору” радиосу мамлекеттик тил күнүнө карата дүйнөлүк рекорд орнотот

Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү “Кыргызстан обондору” радиосу мамлекеттик тил күнүнө

карата дүйнөлүк рекорд орнотот. Ди-джейлер 62 саат бою укташпайт, эс алышпайт.

Рекорд 22-сентябрь, эртең мененки саат 8де башталып, 24-сентябрь кечки саат 10до жыйынтыкталат.

Рекорд коюу учурунда студияга коноктор, ар багыттагы рекордчулар келет. Муну менен катар

активдүү угармандарга түз эфирде белектер ойнотулат. Дүйнөлүк рекорддун жүрүшүн

Кыргызстан Обондорунун инстаграмдагы баракчасынан жана ютуб каналынан

түз эфирден көрүп, сиз дагы күбө болуңуз.