Жалал-Абад облусундагы өзгөчө үлпөт той жергиликтүү тургундарды таң калтырды

Жалал-Абад облусундагы өзгөчө үлпөт той жергиликтүү тургундарды таң калтырды.

Салтанат Шамалды-Сай айылында өттү. 29 жаштагы Нарынбек Салмоорбеков

колуктусун алып кетүү үчүн 10 фурадан турган кортеж менен барды. Ал 8-классынан

бери атасы менен бирге оор жүк ташуучу унааларды айдайт. Кийин чоң унааны

фурага алмаштырган, учурда ал өлкөнүн бардык аймагына товар жеткирет.

Нарынбекти колуктусу менен ЗАГСка достору жана чогуу иштешкендери

кооздолгон фуралар менен коштоп барды. Үлпөт кортежинин

узундугу чейрек чакырымдан ашты.