Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 2 миллиард 615 миллион кубометрге аз

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 2 миллиард 615 миллион кубометрге аз.

“Электр станцияларынын” сайтындагы маалыматка караганда, былтыр ушул эле күнү

көрсөткүч 14 миллиард 582 миллион кубометрге жетсе, быйыл 12 миллиарддан төмөн.

Анын ортосунда учурда вегетациялык сезондун туу чокусу болгону менен мөңгүлөрдүн

эриши жай болуп жатат. Андан улам суунун кириши менен чыгымы бирдей деңгээлде.

Белгилеп кетсек, башкы резервуарда суунун аз болгонуна байланыштуу электр

энергияны үнөмдүү пайдалануу зарыл деп энергетиктер эскертишүүдө.