Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Чүй облусунда жана Бишкекте катуу шамал болорун эскертет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Чүй облусунда жана Бишкекте катуу шамал болорун эскертет. Синоптиктерден түшкөн маалыматка караганда, түшкө жакын жана күндүн экинчи жарымында

шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Куткаруучулар жарандарды этият

болууга чакырат, мындай аба-ырайында бак-дарактар, бутактар жана жарнама такталары кулап,

электрлиниялары үзүлүшү ыктымал. Метеокызматтын маалыматы боюнча, мындай шамал кечке

чейин болот. Андан улам айдоочулар унааларды бактардын алдына токтотпой,

жөө жүрүүчүлөр этият болушу зарыл.