Май куюучу жайларда сатылган күйүүчү майга салык киргизүү сунушталды

Транспорт министрлиги май куюучу жайларда сатылган ар бир литр күйүүчү майга салык киргизүүнү сунуштоодо. Чогултулган каражат жол оңдоого жумшалат.

 

Ведомство Кыргызстанда автоунаалардын саны жыл сайын өсүп, мындан улам жолдун үстүнкү катмары тез эле эскирип жатканын белгилейт.

 

Маалыматка ылайык, трассаларды стандарттуу коопсуз абалда кармоо үчүн жылына 10 миллиард сомго жакын каражат керектелет.