Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен биргелешкен холдинг түзөт

Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен биргелешкен холдинг түзөт.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды.

Экономика жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, компаниянын уставдык капиталы 100 миллион долларды түзөт.

Холдинг долбоорлорду нөлдөн баштап каржылоо, токтоп турган ишканаларды активдештирүү, иштеп жаткандарын колдоо, насыя берүү аркылуу коммерциялык бизнес долбоорлоруна инвестиция салуу жаатында иш алып барат.

Кеңсеси Бишкекте жайгаша турган компаниянын директорлор кеңешинин үчөө эмират тараптан, экөө Кыргызстандан болот.