Жыргалаңда 12 жыл токтоп турган көмүр кени ишке кирди. Өкмөттөн билдиришкендей, аталган кен Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кара отун менен камсыздайт.
Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылат деп күтүлүүдө.
Ал эми кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет. Белгилеп кетсек, Жыргалаңдагы көмүр кени жер алдында болгондуктан, буга чейин анда көмүр казып алуу кооптуу болуп калган.