Майлуу-Суудагы электр лампа заводуна бюджеттен 1 млрд сом бөлүнөт

Майлуу-Суудагы электр лампа заводуна бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнөт.

Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, ишкана мамлекеттин менчигине өткөн.

Азыр анда эки миңге жакын адам иштейт.

Белгиленгендей, каражат бөлүү чечими ишкананы модернизациялоого жана жумуш орундарын көбөйтүүгө байланыштуу кабыл алынды.