Кыргызстан калкынын ден соолугун чыңдоого Швейцария 5 млн доллардан ашык акча бөлөт

Кыргызстан калкынын ден соолугун чыңдоого Швейцария 5 миллион доллардан ашык акча бөлөт.

Каражат жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана башкаруу боюнча долбоордун алкагында берилет.

Аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү төрт жылды түзөт.

Ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларын камтыйт.