Модернизацияланган люкс вагон Бишкек–Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат.
Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 51 орундуу вагон 22-июлдан тарта эки күн сайын кадимки каттамга чыгат.
Жол жүрүү акысы 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 250 сом, андан жогору курактагы жүргүнчүлөргө 500 сомду түзөт.
Белгилеп кетсек, 18-июлдан тарта Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөрдү ташуу каттамы күнүгө аткарылып жатат.