Россияда иштеген мигранттар үчүн 2022-жылы бирдиктүү мобилдик тиркеме ишке киргизилет

Россияда иштеген мигранттар үчүн 2022-жылы бирдиктүү мобилдик тиркеме ишке киргизилет.

Өлкө бийлигинен билдиришкендей, тиркеме чет элдиктер үчүн мамлекеттик кызматтарды

көрсөтүү порталы болот. Алсак, андан чет элдик жаран кара тизмеде бар жогун билсе болот,

андан тышкары, жеке клиникалардын медициналык камсыздандыруу кызматтарынан тартып

ижарага турак жай табуу кызматтары дагы бар. Учурда тиркеме иштелип, толукталууда.

Белгилеп кетсек, Россияда 4 миллионго жакын мигрант патент жана эмгек келишиминин

негизинде иштейт. Андан тышкары, 300 миң студент Россиядагы жогорку окуу жайлардан билим алат.