Улуттук статистика комитети жаштар арасында эң популярдуу кесиптерди атады

Улуттук статистика комитети жаштар арасында эң популярдуу кесиптерди атады. Маалыматтар “Кыргыз Республикасындагы билим берүү жана илим” баяндамасында камтылган.

 

Тандалган билим профилине ылайык, жаштар арасында экономист, чет тилдердин котормочусу, дарыгер, юрист, инженер-энергетик, программист, куруучу жана менеджер кесиптери эң популярдуу экени такталган.

 

Акыркы жылдарда педагогика адистигин (дээрлик эки эсе), саламаттык сактоо жана техникалык илимдерди (1,5 эсе) тандагандар өскөн.