Мамлекеттик курулуш агенттиги Чүй башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» борбору системасын киргизди

Мамлекеттик курулуш агенттиги Чүй башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» борбору системасын киргизди.

Аталган агенттиктин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында,

курулуш архитектура боюнча керектүү  документтерди алууга мурда 180 күн кетсе,

эми «Бирдиктүү терезе» борбору ишке кириши менен ал 50 күнгө кыскарды.

Мындай борборлор өлкө боюнча Агенттиктин 55 аймактык мекемесинде ачылат.

Учурда аталган борбор 6 жерде иштеп жатат, — деди Бөрүбаев.