“Манчестер Ситинин” норвегиялык чабуулчусу Эрлинг Холанд Чемпиондор лигасынын эң мыкты бомбардири аталды. Форвард жеке эсебине турнирдин 11 беттешинде 12 голду жаздырды.
Эске салсак, 10-июнда “Манчестер Сити” тарыхта биринчи ирет Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду. Финалда ал италиялык “Интерди” 1:0 эсебинде утуп алды. Холанд англиялык клубга өткөн жылы которулган.