Бул айдын аягында кыргызстандыктарга кошумча эс алуу берилет

Бул айдын аягында кыргызстандыктарга кошумча эс алуу берилет. Дем алыш Курман айттын урматына болот. Майрамдын болжолдуу датасы – 28-июнь, шаршембиге туура келет.

 

Бул күнү ордо калаанын эски аянтында салттуу айт намазы окулат. Белгилеп кетсек, Курман айт мусулмандардын ыйык майрамдарынын бири. Бул күнү курмандык чалып, муктаждарга таратуу чооң соопко жатат.