Дүйнө чемпионатынын бардык чейрек финалчылары аныкталды. Кечээ Португалия Швейцарияны 6:1 эсеби менен талкалады.
3 голду Гонсалу Рамуш киргизсе, калгандарын Рафаэль Леао, Рафаэл Геррейро жана Кеплер Лаверан Лима Феррейра киргизди. Чейрек финалда Португалия курамасы жарым финалга чыгуу укугун Марокко курамасы менен талашат.
Ушундай эле укук үчүн беттештер Хорватия – Бразилия, Нидерланды – Аргентина жана Англия – Франция курамалары ортосунда өтөт.