Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе дүйнө чемпионаттарынын финалдык беттештеринде тарыхтагы эң мыкты бомбардир аталды

Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе дүйнө чемпионаттарынын финалдык беттештеринде тарыхтагы эң мыкты бомбардир аталды. Мбаппе кечээки финалдык оюнда Аргентинанын дарбазасына хет-трик жасады.

 

Финалда киргизилген голдордун саны боюнча ал Джефф Херст, Зинедин Зидан жана Пелени артта калтырды.

 

Килиан Мбаппе 23 жашта. Учурда ал ПСЖнын жылдыздуу чабуулчусу болуп, дүйнөнүн эң кымбат футболчуларынын сап башында турат.