Сокулукта ундун баасын негизсиз көтөргөн түйүндөр жабылды.
Аталган райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси
Асылбек Сатывалдиев билдиргендей, соодагер рейд жүрүп
жатканын көрүп 1 миң 700 сомдон сатылып жаткан унду,
дароо мурунку баасына же 1 миң 300 сомго түшүрѳ калды.
Ошондой эле ун өндүргөн ишканаларга дагы рейд жүрдү.
Аларда ундун жана андан жасалган азык-түлүктүн баасы
бир калыпта экени жана кампада ун жетиштүү деңгээлде
бар, — ишендирди Сатывалдиев.