Медициналык гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 60 миллион сомго жетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, гумжардамды атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүрүп, дароо муктаж ооруканаларга жөнөтүүдө.
Негизинен реактивдер, жабдуу, реагенттер, дезинфекциялоочу каражаттар жана дары-дармек келип түшүп жатат. Медициналык гумжардамдан тышкары коронавируска каршы атайын эсеп да ачылган. Ага бүгүнкү күндө элден 83 миллион сомдон ашуун каражат топтолду.