Ош шаарында пара талап кылуу фактысына шектелип эки мугалим кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 13-сентябрда пара алууга шектүү катары 2 мугалим кармалган.
«Бирөө жогорку окуу жайдын, экинчиси орто мектептин мугалими. Кийинчерээк толук маалымат берилет», — деп билдирди басма сөз кызматы.