Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 6-мартта өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын Талас облусундагы башкармалыгынын башкы инспектору жана инспектору пара алып жаткан учурунда колго түшүрүлдү.

 

Алар жеке ишкананы текшеребиз деп коркутуп, ишкерден акча талап кылышкан. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө жүрүп жатат.