Бүгүнтөн тарта жаңы үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрүнө арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, арыз кабыл алынгандан кийин, жарандар жаңы документти 4 күндөн кийин колуна алат.
Убактылуу күбөлүк менен жүргөн айдоочулар 31-декабрга чейин жаңы документ алышы керек. Буга байланыштуу, кезектер жарала турганы анык, андыктан, кызматкерлердин иштөө мөөнөтү узартылышы мүмкүн, — дешти Мамлекеттик каттоо кызматынан.