Ош шаарында жылуулук берүү 18-марттан тарта токтотулат

Ош шаарында жылуулук берүү 18-марттан тарта токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан бирдиришти. Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койду.

 

Ага ылайык, эртеңден тарта 2020-2021-жылдын жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери башталат. Муну аткаруу Ош жылуулук электр борборуна, “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасына, шаардык билим берүү башкармалыгына, саламаттык сактоо мекемелерине милдеттендирилди. Ал эми Бишкекте жылуулук азырынча өчүрүлбөйт.