Грузия 1-июлдан тартып туристтерди кабыл алат.
Өлкөнүн премьер-министри Георгий Гахария билдиргендей,
мамлекет коронавируска байланыштуу токтоп калган аба каттамдарды жандантат.
Бул үчүн коңшу өлкөлөр менен коопсуз коридор түзүлөт. Ал эми жергиликтүү туризм
15-июлдан баштап ишке кирет. Пандемияга байланыштуу Грузия чет элдиктер үчүн
чек арасын жаап, аба каттамдарды токтоткон. 21-марттан тарта өлкөдө
өзгөчө абал жарыяланган. 615 адамдан коронаврус аныкталып, 9у каза тапты.