UFC уюму Конор Макгрегорду кайтарып келүүнү пландап жатат

UFC уюму жакында эле карьерасын жыйынтыктаганын жар салган атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду кайра сегиз бурчтукка кайтарып келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу уюмдун президенти Дана Уайт ESPN басылмасына билдирген.

 

«Ал кайра мушташат деп кепилдик бере албайм, бирок биз 2021-жылы мушкер үчүн кызыктуу нерсе даярдап жатабыз», — деген Уайт.

Конор Макгрегор акыркы беттешин 2020-жылдын 19-январында UFC 246 турниринин алкагында америкалык Дональд Серронеге каршы өткөргөн. Анда Макгрегор атаандашын 40 секундда нокаутка учураткан.