Министр Кулубаев Дональд Лу менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 20-cентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луга жолукту.

 

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана күн тартибиндеги негизги маселелер талкууланды.

Андан тышкары “Борбор Азия+АКШ” аймактык платформасынын алкагында Кыргызстан менен АКШ кызматташтыкты сүйлөштү.

“Тараптар С5+1 саммитинин жыйынтыгын талкуулап, мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанисин белгилешти”, — деп айтылат маалыматта.

 

Кулубаев кыргыз тарап жашыл экономика, энергетика, транспорттук инфраструктура жана санариптештирүү тармагына америкалык компанияларды тартууга, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

 

Мунун алдында, 19-сентябрда Нью-Йоркто АКШнын президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуусу болду.

C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр талкууланары, ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформаларга басым жасалары мурда кабарланган.

 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саммитке жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышуу үчүн АКШга 18-сентябрда барган.

Вашингтон Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда АКШда кол коюлган.

2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” сыйлык тапшырганы себеп болгон.

Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана белгилеп келет.