Министрлер кабинети нандын баасын бекитти

Министрлер кабинети нандын баасын бекитти. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Жээналы Орозбаев билдиргендей, 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын бир килограммынын дүң баасы Бишкекте 52 сом 50 тыйын, чекене баасы 62,5 сом деп бекитилди. Калган аймактарда дүң баа 56,5 сом, ал эми чекене нарк 65 сомдун чегине болот.

 

Башкача айтканда, бир тандыр нанынын баасы салмагына жараша 27-30 сомдон ашпашы керек.

 

Мындай чара социалдык маанилүү азыктын баасын кармап туруу үчүн көрүлдү. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча сентябрдын башында нандын бир килограммы Бишкекте 65 сом болсо, кечээ 67 сом 50 тыйынга чейин көтөрүлгөн.