Жыл аягына чейин өлкөнүн бардык постторунда жол эрежесин бузгандарды аныктоочу аппарат пайда болот

Жыл аягына чейин өлкөнүн бардык постторунда жол эрежесин бузгандарды аныктоочу аппарат пайда болот.

 

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраилов билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин “Сосновкада” жана Чолпон-Атада орнотулган “Автоураган” программалык стационардык аппараттары жакшы жыйынтык берип, дагы 20 аппарат сатып алынды. Комплекс издөөдө жүргөн унааларды, айыптарды төлөбөй жүргөндөрдү, каттоосу токтотулган унааларды аныктай алат.