“Аль-Насрдын” чабуулчусу Криштиану Роналду клубда 2027-жылга чейин калышы мүмкүн

“Аль-Насрдын” чабуулчусу Криштиану Роналду клубда 2027-жылга чейин калышы мүмкүн. Маалымат каражаттары жазышкандай, 38 жаштагы форвард макулдашууну узартуу боюнча чечимин билдирди.

 

Ал 2026-жылкы дүйнө чемпионатында ойноп, ошону менен карьерасын жыйынтыктайт.

 

Ал эми Роналдунун сауд арабиялык клуб менен келишими 2025-жылдын жай айларына чейин түзүлгөн. Эске салсак, “Алтын топтун” 5 жолку ээси “Аль-Наср” клубуна өткөн жылдын декабрында өткөн.