Майлуу-Сууда жылуулукту калыбына келтирүү иштери улантылууда.
Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Болот Шаршеналиев Novost.kgге билдиргендей, шаарда 1 миң 807 абонент бар.
Учурда алардын миңге жакыны жылуулук менен камсыздалды.
Калган тургундарга жакынкы бир-эки күндө жылуулук берилери күтүлүүдө.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 12-январда катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.